Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Р.Блейк: Кыргызстандагы шайлоо Борбор Азиядагы биринчи эркин шайлоо


АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Р.Блейк «Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Борбор Азиядагы биринчи эркин шайлоо экендиги менен өзгөчө. Бийликти демократиялык жол аркылуу тынчтык менен өткөрүү аймактагы өтө кубаттуу модел болуп калышы мүмкүн», деп айтты Эркин Европа/Азаттык үналгысына берген маегинде.
Ал ошондой эле 10-сентябрь шайлоо жарыялангандан бери түштүк жергесинде зордук-зомбулук факты катталбаганын кошумчалады.

Шайлоонун жыйынтыгы кандай болоору тууралуу «азырынча ким жеңерин айттуу кыйын. Антсе да шайлоого аттанган партиялардын 5-7си жалпы добуштун 11-15% ээ болуу менен жеңишке жетишери күтүлөт. Ал эми коалициялык өкмөт түзүлөөрү шексиз», деген көз карашын билдирип, Борбор Азия өлкөлөрүнө карата Орусия менен АКШнын саясаты өтө жакындыгын кошумчалады. (GA)

XS
SM
MD
LG