Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Барскоондо шайлоочулардын 25 пайызы добуш берди


Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы № 3198 Барскоон участогунун шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Тамара Дүйшееванын “Азаттыкка” билдиришинче, ушул саатка карата 1800 шайлоочунун 25 пайызы добуш берди.

Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барыктабасовдун маалыматына караганда, саат 9дагы эсепке ылайык, облустагы 236 миң 950 шайлоочунун 6,69 пайызы (15 689 киши) добуш беришти. Төраганын ырасташынча, азырынча олуттуу мыйзам бузуулар каттала элек. (ATo)

XS
SM
MD
LG