Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:52

Кыргызстанда парламенттик шайлоо тынч өтүүдө


Бишкектеги шайлоо бекеттеринин биринде добуш берүү. 10-октябрь, 2010-жыл.
Бишкектеги шайлоо бекеттеринин биринде добуш берүү. 10-октябрь, 2010-жыл.

Бүгүн президент Роза Отунбаева шайлоо участкасында добуш берип, Кыргызстанда парламенттик шайлоо тынч өтөрүнө ишенерин билдирди.

Добуш бергени келген бир катар саясий партиялардын лидерлери да шайлоону тынч өткөрүү зарылдыгын белгилешти. Жалпысынан учурда өлкө аймагында кырдаал туруктуу экенин Ички иштер министрлиги "Азаттыкка" маалымдады. “Шайлоо” системасынын маалыматына караганда, саат бирге карата жалпы шайлоочулардын 23,48 пайызы добуш берди.

“7-апрелде кыргыз эли акыйкатсыздыкка каршы чыгып, бир күндө кулаткан мурдагы режимдин ордуна биз бүгүн жаңы бийликти түзүп жатабыз”,-деди президент Роза Отунбаева № 1216 шайлоо жайына добуш бергени келгенде.

Президент Роза Отунбаева добуш берүүдө. Бишкек 10-октябрь, 2010-жыл.
- Кыргызстандын ичинде эле эмес, жалпы дүйнө жүзүндө биздин шайлоого өтө көңүл буруп турушат. Бул шайлоо абдан маанилүү. Ошондуктан биз, кыргызстандыктар, дүйнөгө уят болбойлу. Өзүбүздүн жогорку аң-сезимдүүлүгүбүздү көрсөтөлү. Биз бүгүн сынакта турабыз. Бул сынактан абдан жакшы өтүп кетсек бизден артык эл болбойт. Бизден артык өлкө болбойт.

Президент ошондой эле Жогорку Кеңешке шайлоо тынч өтөрүнө, коопсуздук сакталарына ишенерин билдирди.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев Бишкекте №1216 шайлоо жайында “Кыргызстандын татыктуу келечеги, башталган реформаны улантуу үчүн” добуш бергенин билдирди.

Эртең менен шайлоого катышып жаткан 29 саясий партиялардын дээрлик бардык лидерлери добуш беришти.

Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүнүн кесилишиндеги №5 кесиптик окуу жайында жайгашкан №1210 шайлоо участогуна саат 9да добуш бергени келген СДПнын лидери Алмазбек Атамбаев таза шайлоо өткөрүү үчүн 17 жыл күрөшүп келишкенин, бүгүн эл өз тандоосун эч кандай кысымы жок жасашы керектигин, өлкөнүн жаркын келечеги үчүн добуш бергенин белгиледи.

Жогорку Кеңешке шайлоого добуш берүү. Бишкек, 10-октябрь, 2010-жыл
Ушул эле шайлоо участогуна саат 9 жарымда добуш бергени келген “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев эртең кыргызстандыктар жаңы Кыргызстан, жаңы парламент, жаңы бийлик, жаңы үмүт менен ойгонорун, эл өзүнүн тандоосун жасап, таза тандоо болоруна ишенерин айтты.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкек шаарындагы 1214-шайлоо бекетине үй-бүлөсү менен келип добуш берип, “бул шайлоону үзгүлтүккө учуратууну каалагандарды кыргыз элинин душманы деп эсептейм. Шайлоо тынч өтөрүнө үмүттөнөм”,-деди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №27 мектепте жайгашкан шайлоо жайында добуш берип, бүгүн Кыргызстанда жаңы саясий маданият, жаңы саясий салт түзүлө баштагынын белгиледи. Анын айтымында, айрым жерлерде административдик жана каржылык колдоолор көрсөтүү аракети болуп, бирок ага бардык саясий партиялар каршы болушту.

“Айрым партияларга кээ бир мамлекеттер таасирин тийгизип, аларга саясий тапшырманы таңуулоодо. Айрым чет элдик ММКлар бүгүн мыйзамда тыюу салынгана карабай үгүт жүргүзүүдө”,-деди Текебаев.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы 1202-шайлоо жайында алгачкылардан болуп добуш берип, кыргыз эли үчүн бүгүнкү шайлоонун чоң мааниге ээ экенин белгиледи.
"Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев.

“Ар Намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов Бишкек шаарындагы №1215 шайлоо жайында добуш бергенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, шайлоо ачык жана таза өтсө эч кандай жаңжал чыкпай тургандыгын айтты.

“Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айыл өкмөтүндөгү Крупская шайлоо участогунда добуш берип, шайлоону тынч өткөрүү керектигин билдирди.

“Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Бишкектеги №1223 шайлоо участогунда добуш берди. Анын айтымында, шайлоо бүгүн тынч өткөнү менен эртең айрым саясий партиялар шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп, ар кандай акцияларды өткөрүшү мүмкүн.

Ал эми “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов №7190 шайлоо жайында добуш берип, Кыргызстан парламенттик башкаруу системасын тандап алып, чоң сыноо алдында турганын белгилеп, шайлоо жыйынтыгында ат салышкан партиялар өздөрүнүн жеңилгенин моюнга алганда гана чыр чыкпайт деп эсептейт.

Президенттин администрация башчысы Эмилбек Каптагаев маалымат жыйынын өткөрүп, Сузак районунун Базарбаев атындагы №2025 шайлоо жайында бир адам 5 бюллетенди, дагы бирөө үч бүллетенди үкөккө сала турган болгондо кармалып, бул иштин чоо-жайы иликтенип жатканын айтты.

Жалал-Абаддагы кабарчыбыздын билдирүүсүнө караганда, аймакта кырдаал тынч, саат бирге карата шайлоочулардын 27,43 пайызы добуш берген же болбосо облустагы 497миң 878 шайлоочунун 136 миң 536сы шайлоого катышты.

Парламенттик шайлоого Ошто добуш берүү. 10-октябрь, 2010-жыл.
Ош облусунда да шайлоо тынч өтүп, айрым жерлерде шайлоочулар добуш берүүгө жигердүү катышып жатканын кабарчыбыз маалымдады.

Баткен облусунда жалпысынан 193 шайлоо участкалары өз убагында ачылып, ушул убакытка чейин эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын, бирок кээ бир участкаларда бюллетендердин көлөмү чоң болгондуктан шайлоо үкөктөрү толуп калып жатканын кабарчыбыз билдирди.

Шайлоого добуш бергени келген Бишкек шаарынын тургуну Гүлмира Мамырканова эч кандай административдик ресурс колдонулбаганын, добуш берүүгө өз эрки менен келгенин айтты.

- Мен өз каалоом менен келдим. Мурдагыдай "шайлоого бар, баланча партияга добуш бер" деп эч ким таңуулаган жок. Мен азыр добуш бергени барып бир аз байкоо жүргүздүм. Мурдагыдай бюллетендерди таңгактап таштаган, студенттерди айдап келип, бюллетен салдырган учурду көргөн жокмун. Ар ким өзү каалаган партиясына добуш берип жатканына күбө болдум.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоочуга бюллетен берүүдө. Бишкек 10-октябрь,2010-жыл.
“Шайлоо” Мамлекеттик автоматташтырылган системасынын маалыматы боюнча саат бирге карата жалпы шайлоочулардын 23,48 пайызы добуш берди. Ысык-Көл облусунда 28,54 пайыз, Баткенде 29,35 пайыз, Бишкекте 13,67 пайыз, Жалал-Абад облусунда 27,43 пайыз, Ош шаарында 32,86 пайыз, Ош облусунда 20,54 пайыз, Талас облусунда 27,47 пайыз, Чүй облусунда 23,05 пайыз шайлоочу өз добушун беришти.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы өлкөдө кырдаал тынч экендигин, коомдук тартипти бузгандар же кандайдыр бир чагым салуулар катталбаганын кабарлашты.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 852 миң 751 киши киргизилген. 120 орундуу жаңы парламентке 29 партия ат салышууда. Шайлоодо жеңүү үчүн партиялар республика боюнча эң аз 5 пайыз, 7 облустан 0.5 пайыз добуш алышы керек.


Президент №1216 шайлоо жайында добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

XS
SM
MD
LG