Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:44

ЕККУнун полициялык кеңешчи тобу боюнча маселе жакында каралышы мүмкүн


Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, азырынча куралсыз полициячыларды Кыргызстандын түштүгүнө киргизүү боюнча ЕККУ менен меморандумга кол коюла элек. Президент ошондой эле жакында АКШ өкмөтү Кыргызстанга грант катары берүүчү 20 млн. доллар боюнча келишимге кол коюларын кошумчалады. Президент бул каражат кичи жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн, негизинен ишкерлер катуу жабыркаган түштүккө жиберилерин айтып, өлкө кышка даяр экенин белгилеп, тиешелүү өлчөмдө отун-көмүр жана дан маселеси чечилгенин белигледи.

Азырынча Бишкек ТЭЦи үчүн Өзбекстан менен көгүлтүр от маселеси тууралуу сүйлөшүү боло элек. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG