Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Токтайым Үмөталиева: Мыйзам бузуулар бар


“Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева бүгүнкү шайлоодо мыйзам бузуунун жаңы ыкмасы иштелип чыкканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кээ бир шайлоочулар добуш берүү бөлмөсүнө кирип, кайсы партияга добуш бергенин чөнтөк телефонуна сүрөткө тартып чыгышууда. Т. Үмөталиева байкоочулар мындай факты менен шайлоочуну кармап, каттоого алышкан.

“Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Т. Үмөталиева бүгүн Бишкекте №1052 шайлоо участогунда добуш берди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG