Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:01

БШКга 130 даттануу түштү


БШКнын мүчөсү Антонина Линин түз эфир аркылуу маалымдаганы боюнча күндүзгү саат төрткө карай Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн даттануулардын саны 130га жетти. Анын айтуусунда, арыздардын көпчүлүгү шайлоочулардын катталган жеринен добуш берүү укугуна байланыштуу болууда. А. Ли Шайлоо кодексине ылайык, шайлоочулар катталган жеринен гана добуш бере алышарын билдирди.

Мындан тышкары бармакка боёк сүртүүгө байланышкан арыздар да болгон, анда айрым жерлерде шайлоочулар бармагына боёк сүрттүрүүдөн баш тартышкан. А. Ли Шайлоо кодекси боюнча шайлоочулардын бармагына боек милдеттүү түрдө сүртүлүүсү зарылдыгын белгиледи.

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар жер-жерлерде шайлоочуларды автоунаа менен ташуу, добуш берүүдө «айланкөчөк» ыкмасы колдонулуп жатканы жана добуштарды түрдүү ыкмалар менен сатып алуу аракеттери болуп жатканын билдиришкен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG