Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

Ахмадинежад Рим папасына кат жолдоду


Ватикандын кабарлоосуна караганда, Рим папасы Бенедикт XVI Иран президенти Махмуд Ахмадинежаддан кат алды. Бирок анын мазмуну шардана кылынган жок. Кат шаршембиде жалпы аудиенция маалында Ирандын вице-президенти тарабынан тапшырылган. Иран президентинин вебсайтында жарык көргөн маалыматка ылайык, кат “ыйык диндерди” секуляризмге каршы күрөшүүдө кызматташтыкка үндөйт. Ошол эле сайтта айтылгандай, Ахмадинежад Куранды өрттөө ниетин билдирген америкалык пасторго каршы туруму үчүн понтификке ыраазычылыгын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG