Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Ысык-Көлдө шайлоочулардын 43,6 пайызы добуш берди


Ысык-Көл облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барыктабасов “Азаттыкка” маалымдашынча, саат 17.00дөгү эсептөөгө караганда, облустагы 236 миң 950 шайлоочунун 43,6 пайызы, тактап айтканда, 103 353 киши добуш берүүгө катышты.

Аймактагы бейөкмөт уюмдар “Азаттыкка” ырасташынча, ар бир шайлоо тилкесинде жыйырма тогуз партиянын өкүлдөрү, ошондой эле бир катар эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар өнөктүктүн жүрүшүнө такай көз салып турушат. Буга чейин алар тарабынан олуттуу мыйзам бузуулар байкала элек. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG