Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Б. Табалдиев: Кооптонууга негиз жок


Президенттик администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укук бөлүмүнүн башчысы Бусурманкул Табалдиев өлкөгө экстремисттик күчтөр кирип келүүсү ыктымал деп чочулоого негиз жоктугун КТРКнын түз обосунда билдирди. Ал Тажикстан кырдаалга байланыштуу Ооганстан менен чек арасын тыгыз жапканын, Өзбекстан да чек арасын катуу кайтарууга алганын, кыргыз тарап дагы ар кандай коркунучтун алдын алуу максатында чек араны кайтарууну күчөткөнүн кошумчалады. Анын айтымында, бүгүнкү добуш берүү жалпы өлкө аймагында тынч кырдаалда, чыр-чатаксыз жана шайлоо жыйынтыгына таасир бере алар мыйзамсыздыктарсыз өтүп жатат, саат 18:00 тартып добуш берүү түйүндөрү жайгашкан имараттарды кайтаруу күчөтүлдү. «Мурдагы шайлоолордон белгилүү болгондой айрым кызыкдар адамдар добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн ар кандай чагымдарга барышат, ошондуктан, мындайдын алдын алуу максатында биз шайлоо комиссияларынын толук кандуу иштөөсүн камсыздоо үчүн бардык кошумча чараларды көрөбүз,» - деди Б. Табалдиев.(ZKo)

XS
SM
MD
LG