Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Кыргызстандык шайлоочулардын 54,5 пайызы добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев КТРК каналында түз ободо чыгып сүйлөп, парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн алгачкы көрсөткүчтөрүн билдирди. Анын айтымында Кыргызстан боюнча катталган шайлоочулардын саны 2 852 751ди түзөт, алардын ичинен саат 21-00 гө карата шайлоодо добуш бергендердин саны 1 556 396ге жетти. Бишкек шаарында шайлоого катышкандардын пайыздык көрсөткүчү - 56,18; Баткен облусунда - 53,07; Жалал-Абад облусунда - 56,68; Ысык-Көлдө – 52,99; Нарында 53,31; Ош шаары боюнча – 66,28; Ош облусунда – 50,95; Талас өрөөнүндө – 61, 32 жана Чүй олбусунда – 52,5 пайызды түздү. Сырттагы жарандардын добуш берүүсү 57,28 пайыз болду. Жалпысынан катталган шайлоочулардын 54,5 пайызы добуш берүүгө катышты.(ES)

XS
SM
MD
LG