Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:32

АКШнын элчилиги Кыргызстанды шайлоонун өтүшү менен куттуктады


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстанды парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, билдирүү таратты. Анда Кыргызстандын шайлоочулары өздөрүнүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү карап, башкаруу формасын тандап алып, демократиялык шайлоо өткөрүп жатканы айтылат.

Ошондой эле кошмо штаттары башка эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте Кыргызстандагы шайлоо процессин өркүндөтүүгө багытталган бир катар долбоорлорго колдоо көрсөткөнү белгиленет. Атап айтканда АКШнын элчилиги шайлоого байкоо жүргүзүүгө өзүнүн өкүлдөрүн эле жибербестен, ошол эле учурда Кыргызстандын өзүнүн миң байкоочусун даярдоого дагы көмөктөшкөн. Саясий партиялардын телевизиондук талаш-талкууларын каржылоого башка донорлор менен бирге АКШ дагы өзүнүн салымын кошкон.

“Шайлоолор демократиянын элементтеринин бири гана болуп саналат. Саясий лидерлер атаандашып күрөшүүнү эле эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн кызматташканга да даяр экенин көрсөтүшү өтө маанилүү. Жаңы өкмөт түзүлүшү керек, андан кийин анын лидерлери демократиялык коом менен конкуренттик күч-кубатка ээ рынок экономикасын куруу боюнча түмөн түйшүктүү иштерди башташы керек”,-деп баса белгиленет АКШнын элчилиги тараткан билдирүүдө. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG