Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Т. Мамбеталиева: Бишкек протоколдорду кеч берип жатканы шек туудурат


“Жарандык демилге –интернет саясат” коомдук фондунун жетекчиси муну менен Бишкекте добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалыматты кечиктирүү аракети болуп жатат деп эсептейт.

“Добуш берүү аяктагандан кийин алыскы райондордон маалыматтар факс аркылуу эртерээк келип жатты, алар түнү менен жиберишти. Ал эми техникалык жактан бардык тараптан камсызданган Бишкек андай кылган жок. Бул дагы шектенүүнү туудурат,” - дейт Таттуу Мамбеталиева.

БШКнын маалыматы боюнча ушул сааттарга карата Бишкектеги шайлоо участокторунан 21 участоктун жыйынтыгы чыгарыла элек.

“Жарандык демилге –интернет саясат” коомдук фондунун жетекчиси “Ата Журт” партиясы шайлоого даярдык көрүүдө туура багыт алышкан, алардын курамына Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин киргени партияга чоң утуш болду деп эсептейт. Ал эми “Ата Мекен” партиясы шайлоочулары көп аймактарды, түштүк менен Бишкекти көңүл сыртында калтырган. Мындан тышкары алардын добуштарын “Ар-Намыс”, “Замандаш”, "7-апрель” сыяктуу партиялар бөлүп кетишти дейт Таттуу Мамбеталиева.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG