Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:13

Шайлоодо берилген добуштардын 93,06 % саналды


БШКнын автоматтык шайлоо системасынын алдын ала маалыматы боюнча алдыда 8,67 % менен “Ата Журт” партиясы келе жатат. Андан кийин 8,08 % менен Социал-демократтар партиясы турат. “Ар-Намыс” партиясы -7,34 %, “Республика” партиясы -7,12 %, “Ата мекен” партиясы 5,81 % менен баштапкы бешилтикке чыкты.

Бул маалымат жалпы 2333 шайлоо участогунун 2174 участогунан алынган маалымат. Ушул сааттарга карата Жалал-Абад, Талас, Нарын облустары жана Ош шаары боюнча добуштар толук саналып бүттү. Ысык-Көл, Баткен, Чүй облустарында добуштарды саноо аяктоонун үстүндө. “Шайлоо” мамлекеттик автоматтык системасынын көрсөткүчүнө караганда азырынча Ош облусунда добуштардын 80%, ал эми Бишкек шаарында 91% добуш саналып бүттү. Ал эми чет мамлекеттердеги шайлоо участокторунун болгону 15 добуш берүү түйүнү маалымат берди, дагы 29 участоктон жыйынтык келе элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG