Жыйынтык боюнча шайлоо тизмесине облустан 155 миң 380 киши кирген. Анын 88 миң 766сы добуш берип, шайлоочулардын облус боюнча 57,13 пайызын түзгөн. Нарын облусунда биринчи орунда КСДП (12, 52%), экинчи орунда “Ата Мекен” (10,51%), үчүнчү орунда “Замандаш” (6,57%), төртүнчү орунда “Ак шумкар” (5,54 %), бешинчи орунда “Республика” (5,23%), 6-орунда “Ар-намыс”, “Ата Журт” партиясы жетинчи орунда келатат. Шайлоого 77 көз карандысыз байкоочу даярдаган “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын Нарын өкүлчүлүгү облуста добуш берүү маалында олуттуу мыйзам бузуулар катталбагандыгын билдирди. (JI)