Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Салман Рушди эскерүүлөрүн жазууда


Британиялык жазуучу Салман Рушди ага каршы диний өкүм чыгарылгандан берки жашоосун сүрөттөгөн эскерүүлөрдүн үстүнөн иштеп жатат. Теги индиялык жазуучу “Шайтандын аяттары” китебин чыгаргандан кийин Ирандын ал кездеги руханий лидери Аятолла Хомейни ага каршы батыба жарыялаган. Рушди Ройтерс агенттигине билдиргенине караганда, китеп эмки жылы чыкмакчы. “Шайтандын аяттары” 1988-жылы жарык көргөн. Көптөгөн мусулмандар аны исламга акаарат келтирүү катары кабыл алышкан. Автор 1998-жылга чейин жашырынып жүрүүгө аргасыз болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG