Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

Добуштар бардык бекеттер боюнча эсептелип бүттү


11-октябрда саат 23.00кө карата БШК парламенттик шайлоого катышкан шайлоочулардын добуштарын 100 пайыз эсептеп бүттү. ГАС "Шайлоо" автоматтык эсептөө системасындагы маалыматтарга ылайык, добуш берүүгө баардыгы 1 млн 679 миң 538 шайлоочу (55,90) катышты. Беш пайыздык жана аймактык жарым пайыздык чекти багындырган беш партия аталууда. 266 923 добуш алган “Ата Журт” партиясы биринчи орунда. Экинчи орунда 241 528 добуш менен социал-демократтар, үчүнчү орунда 232682 добуш менен “Ар-Намыс” партиясы, төртүнчү орунда 217 601 добуш алган “Республика” партиясы, бешинчи орунда - 168 218 добуш менен “Ата Мекен” партиясы. Жарым пайыздык чекти багындырганын 145 455 добуш алган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы дагы билдирүүдө. Бирок анын жеңиши БШК тарабынан азырынча бышыктала элек. (КС)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG