Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

Айрым шайлоочулар наарызылык акцияларын өткөрүшү мүмкүн


“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Адылбек Эсенбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында шайлоочулар нааразылык акцияларын өткөрмөкчү. “Биз - Кыргызстан” деген ураан менен өтө турган бул акциянын катышуучулары “Ата Журт” партиясынын жеңишине нааразы. А. Эсенбековдун айтымында, мурда К. Бакиевдин убагында жогорку кызматтарда иштеген “Ак жол” партиясынын мүчөлөрү кайра эле башка аталыш менен бийликке келишүүдө. Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай иш-чарага партиянын эч кандай тиешеси болбогонун айтты. Деген менен парламентке өтүүгө жетиштүү добуш топтой албай калган айрым партия өкүлдөрү, шайлоо таза өткөнүн жана аны тааный турганын белгилеп, өлкөдөгү тынчтык үчүн партия мүчөлөрүн да, шайлоочуларды да эч кандай акцияларды уюштурбоого үндөшүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG