Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:54

АКШда эмбрион клеткаларын адамга жалгаштыруу башталды


Америкалык дарыгерлер жүлүн илдетине кабылгандарды эмбрион клеткаларынын жардамы менен дарылоону баштады. АКШдагы тамак-аш жана дары-дармек сапатын көзөмөлдөгөн башкармалыктын уруксаты менен Калифорниянын Кремний өрөөнүндө тажрыйба башталды.

Кишиден алынган тирүү эмбрион клетканын башка түрүнө, анын ичинде нерв жипчелерине жеңил айлангандыктан жүлүнү мертинген адамдарга жасалма жол менен эмбрион клеткаларын жалгаштыруу жаңы дарылоо ыкмасынын өзөгү болуп саналат.

Ал эми мындай дарылоо жалпы эле кишинин организми үчүн канчалык коопсуз экендигине ынанууга дагы бир топ текшерүүлөр талап кылынат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG