Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Добуш берүүгө шайлоочулардын 55,9 пайызы катышты


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев бүгүн билдирди. Башында “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган системасына добуш бергендердин саны 56,76 пайыз деп чыккан эле. А. Сариев мындай айырмачылыкты айрым шайлоо комиссиялары шайлоочулардын саны тууралуу маалыматты телефон аркылуу ашыра бергендиги менен түшүндүрдү. "Шайлоочулардын катышуусун ашыра айтуу өнөкөткө айланып калган, ошондуктан так сан бардык протоколдор эсептелип чыккандан кийин анык болду", дейт А. Сариев. Анын айтымында, "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган системасына жарыяланган маалымат юридикалык күчкө ээ эмес. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG