Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:07

“Бүтүн Кыргызстан” нааразылык акцияларын баштарын билдирүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев билдирди. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев партия лидери Адахан Мадумаровго 5 пайыз чек кошумча тизмедеги шайлоочуларды кошкондо 149 миң болуп жогорулады деп айткан. БШК буга чейин 5 пайыз босого 142 миңге жакын деп билдирип келген. “Бүтүн Кыргызстан” 145 миң 455 шайлоочунун добушун алган. БШКнын мүчөсү Жаркын Бапанова “Азаттыкка” кошумча тизмени кошкондо 5 пайыздык чек жогорулаганын тастыктап, бирок канчага өзгөргөнүн айта алган жок. “Бүтүн Кыргызстан” бул аракеттер аталган партияны парламентке өткөрбөө максатында жасалып жатат, деп билдирүүдө.

Акыркы маалыматтарга караганда, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Аксы, Таш-Көмүрдөгү шайлоочулары Ош-Бишкек жолун тосууга баратат. Алардын саны миңдин тегерегинде экени айтылууда. Партия тарапкерлери түштөн кийин Ош шаарында нааразалык акцияларды өткөрүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстандын" өкүлү Замир Божонов "Азаттыкка" билдирди. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG