Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

А. Сариев: 5 пайыз босого 150 миңге чамалады


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев парламентке келүүгө партияларга жол ачкан 5 пайыз чек 150 миңге чамалаганын билдирип, бардык эсептөөлөр аягына чыга элек болгондуктан азырынча так айтуу болбой турганын белгиледи. БШК буга чейин 5 пайыз чек 142 миңге чукул деп билдирип жаткан. Азыр талашта турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодо 145 миң 455 добуш алган. Аталган партия 5 пайыз чекти атайлап көбөйтүп "Бүтүн Кыргызстанды" парламентке өткөрбөй жатат деп БШКны айыптап, жер-жерлерде нааразылык акцияларды баштоого камына баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Бүтүн Кыргызстандын" саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев билдирди. Президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров бул талаштуу маселени чечүү БШКнын иши деп билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG