Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Жеңилген партиялардын жалпы улуттук конгресси түзүлөт


Конгресске парламенттик шайлоодо жеңбей калган 20 чакты партия кирет жана алар ушул жума ичинде жыйын куруп, алдыдагы иш-аракеттерин талкуулашат. Конгресстин бир лидери болбойт, теңтөрагалардан турат. Бул тууралуу бүгүн жеңилген айрым партиялардын лидерлери маалымат жыйында билдиришти. Алар жалпысынан 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарбай турушканын, добуш берүү салыштырмалуу ачык өткөнүн, бирок он чакты шайлоо участкаларында добуштарды эсептөөдө одоно мыйзам бузуулар катталганын айтышты. Күмөн туудурган участкаларда добуштар кайра саналышы керектигин, эгер алардын шектенүүлөрү такталса мыйзам чегинде нааразылык акцияларды өткөрүшөрүн билдиришти. Жеңилген айрым партия лидерлердин айтымында, бул шайлоодо акча чоң күч болуп кетти. Бүгүн алар президент Роза Отунбаева менен да жолугуп чыгышты. (EBM)

XS
SM
MD
LG