Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Таш-Көмүр бийлиги жол тосууга жол берилбестигин айтууда


Таш-Көмүр шаарынын мэри Мамадали Кулдышев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын аймактагы тарапкерлеринин арасында Бишкек-Ош жолун тосуу боюнча сөз жүрүп жатканынан кабардар экенин, бирок жергиликтүү бийлик жол тосууга жол бербей, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасаарын бүгүн "Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, шаарда аталган партия 11,62 пайыз добуш алган жана мындай нааразылыкка негиз жок. Мэр азырынча шаарда кандайдыр бир адамдардын чогулуусу байкалбаганын кошумчалады. Аксы районун акими Кадыркул Өмүрбеков да "Бүтүн Кыргызстан" аймактан 14,49 пайыз добуш алганын, райондо партия тарапкерлери нааразы боло турган жагдай жоктугун айтты. Аким азыр партиянын 20 чакты тарапкери акимчиликке келгенин, алар менен аппарат башчысы сүйлөшүп жатканын да билдирди.

Аталган партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурлан Шакиев буга чейин партиянын Аксы, Таш-Көмүрдөгү шайлоочулары Ош-Бишкек жолун тосууга баратканын билдирип, ага БШК "Бүтүн Кыргызстанды" беш пайыздык чектен өткөрбөй жатышы себеп болгонун айткан. “Бүтүн Кыргызстан” 145 миң 455 шайлоочунун добушун алган. БШК мурда 5 пайыздык босогодон өтүш үчүн партия 142 миңге жакын добушка ээ болуусу керектигин айтса, эми кошумча тизмелерге байланыштуу мындай босого 150 миң добушка жакындап барганын билдирүүдө.(YA; SM)

XS
SM
MD
LG