Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Гилани: Пакистансыз Ооганстан тынчтыкка жетпейт


Ооганстанда тынчтык Исламабаддын жардамысыз орнотулбасын Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Гилани билдирди. Бирок Пакистан өз аймагын пааналаган Ооган козголоңчуларына каршы согушканга көп кызыкдар эмес. Исламабад аларды Ооганстанга таасир этүү үчүн пайдаланууну каалайт,- деп сындалып жүрөт.


Пакистан 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин АКШнын терроризмге каршы согушуна кошулуп, Ооган талиптерин ырасмий колдоону токтоткон. Бирок Пентагон өткөн аптада: “Пакистандын чалгындоо кызматтарындагы айрым бирөөлөр козголоңчулар менен согушкандын ордуна аларды колдоп жатат кейпи,” - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG