Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

Түндүк Корея лидеринин уулу үй-бүлөлүк башкарууга каршы


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ирдин тун уулу Ким Чен Нам өлкөнү үй-бүлөсү укумдан тукумга өткөрүп башкаруусуна каршы. 39 жаштагы Ким Чен Нам япондордун “Асахи” телеканалы бүгүн обого чыгарган интервьюда коммунисттик өлкөнү “үч муундун мурастап башкарганына каршы” экенин айтты. Бир нече жума мурда Ким Чен Намдын аталаш иниси, 27 жаш курагындагы Ким Чун Ун атасынын мураскери катары бийликтеги Жумушчу партиясынын Борбордук комитетине мүчө шайланган. Кумар оюндарын жакшы көргөнү жалпыга маалым ким Чен Нам 2001-жылы Токиодогу Дисней Лэндди көрөм деп, Японияга жасалма паспорт менен баратканда кармалгандан кийин атасынын назарынан калган.

XS
SM
MD
LG