Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Германия ТИМи Кыргызстанда өткөн шайлоого билдирүү жасады


Германия тышкы иштер министри Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо боюнча билдирүү жасады. Тышкы иштер министри Гидо Вестервелле «Шайлоонун тынч жана чыр-чатаксыз өтүшү позитивдүү жана таанууга татыйт. Мен президент Р.Отунбаева башында турган кыргыз мамлекет жетекчилиги шайлоо процессин тунук жана тартиптүү шартта соңуна чыгарат деп ишенем. Бул болсо анын жыйынтыгын жалпынын таануусуна негиз берет. Кыргызстандагы демократиялаштыруу жараяны эми жакшы негизде улана алат. Мен бардык тараптарды Кыргызстан элинин ынтымагын курууга конструктивдүү түрдө катышууга чакырам», деп айтат өз билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG