Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

Тажикстанда өтө турган фестивалга Кыргызстандан 2 тасма катышат


Кечээ (12-октябрда) Дүйшөмбү шаарында “Дидор” аттуу эл аралык кино фестиваль ачылды. Фестиваль 2004-жылдан бери эки жылда бир жолу өтүп турат. Буга чейин “Айыл өкмөтү”, “Чек ара”, “Белгисиз маршрут” тасмалары байгелүү болгон. Бул жылы фестивалга Кыргызстандын атынан “Свет-аке” жана “Сөйкө” тасмалары катышууда.

“Дидор” фестивалында Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан, Иран, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү, Азия киносун жайылтуу боюнча эл аралык түйүндүн (НЕТПАК) башчысы, кыргызстандык кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG