Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

“Республика” партиясы добуштарды кайра эсептеп чыгууга каршы


“Республика” партиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын сунушу боюнча добуштарды кайра санап чыгууга макул эместигин билдирди. Аталган партия тараткан расмий билдирүүдө добуштарды кайра эсептөө шайлоонун жыйынтыгын чыгаруунун создугушуна алып барарын, бул өз кезегинде өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендиги айтылат.

Ошондуктан "Республика" бардык талаш туудурган маселелерди укук талаасында чечүү керек деп эсептейт. "Шайлоо Кодекси боюнча одоно мыйзам бузуу фактыларынан улам добуштарды кайра саноо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу расмий органдар болуп шайлоо комиссиялары же сот гана эсептелет. Ошондуктан добуштарды кайра саноо боюнча жоопкерчиликти саясий партияларга жүктөө укуктук жагынан туура эмес аракет болуп саналат”,-деп белгиленет билдирүүдө.

Буга чейин “Ар-намыс” партиясынын өкүлү Акылбек Жапаров шайлоодо жеңишке жетишкен беш партия “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жүйөөсүнө көнүп, добуштарды кайра эсептеп чыгуу жөнүндө макулдашты деп билдирүү тараткан болчу. Беш пайыздык босогодон өтө албай калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясы айрым участкалар боюнча анын протоколдору менен автоматтык “Шайлоо “ системасындагы маалыматтар туура келбей жатат деп талашып, добуштарды кайра саноо жөнүндө маселе көтөргөн.

“Ата Журт”, СДПК, “Ата Мекен” партиялары добуштарды кайра саноо жөнүндө позицияларын расмий билдире элек. (КС)

XS
SM
MD
LG