Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

“Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери түз ободо сүйлөйт


Ош шаарында топтолгон 500дөн ашуун партиянын тарапкерлери ЭлТР телеканалынын имаратына келип, түз эфир берүүсүн талап кылышты. Алар өз пикирлерин коомчулукка эфир аркылуу жеткирүүнү суранып жатышат. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысынын айтымында, ЭлТРдин жетекчиси алардан 5-6 адамды имараттын ичине алып кирип кетти. Митингге чыккан адамдар “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодо беш пайыздык босогодон өткөнүнө карабай, бут тосулуп жатат деп нааразы болушууда.
"Бүтүн Кыргызстан" 145 миң 455 шайлоочунун добушун алган. БШК мындай босого 150 миң добушка жакындап барганын билдирүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG