Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

БШК добуш берүү боюнча арыздарды кароого даяр


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевдин бүгүн (13-октябрда) маалымат жыйында билдиришине караганда, алар добуштарды кайра эсептөөгө негиз болсо гана ушундай кадамга барууга даяр. “Эгер бейөкмөт уюмдар менен партиянын байкоочуларынын протоколдорунда өтө чоң айырма болсо, биз кайра эсептөөгө жана ар бир фактыны тактаганга даяр экенибизди билдирдик”, - деди ал. Бирок азырынча БШКга болгону Ош шаарынан гана протоколдордун түп нускасы келип түшкөн. Маалыматка караганда, азыркы берилип жаткан жыйынтыктардын баары алдын ала айтылууда.

“Биз бардык арыздарды караганга милдеттүүбүз, бирок шайлоонун жыйынтыктарына макул болбогон кайсы бир партиянын кызыкчылыгына барбайбыз”, - деди БШК төрагасы.

Шайлоодо көпчүлүк добуш алып жеңишке жетишкен айрым партиялар добуштарды кайра саноого макул экенин билдирип чыгышкан. Ал эми утулган партиялардын айрымдары муну БШКдан талап кылышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG