Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

“Ата Мекен” эмнеден жаңылды?


"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү шайлоо алдында, 6-октябрь.
"Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү шайлоо алдында, 6-октябрь.

Шайлоо алдында башкы талапкер делген “Ата Мекен” партиясы бешинчи болуп 5 пайыздык тосмодон зорго өттү. Эмне себептен тажрыйбасы мол, белдүү партия жаңы түзүлгөн айрым партиялардан артта калды?

“Ата Мекен” партиясынын жаңы эле түзүлгөн “Ата Журт”, “Республика” партияларынан кыйла эле артта калышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду. Кечээ эле аброю анча бийик эмес “Ар-намыс” партиясы да “Ата Мекенди” караандатпай алдыга кетти.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Ө. Текебаев маалымат жыйынында, 10-октябрь, 2010.

Бир чети Өмүрбек Текебаев башында турган бул партиянын бешинчи болуп марага келгени – парламенттик шайлоонун таза, административдик ресурстарды колдонуусуз өткөнүнөн кабар бергендей. Экинчи жагынан, “Бийлик бир колго топтолбошу керек” деп демократиялык багытты колдогон партиянын жеңилип, күчтүү президенттик башкарууну алып келебиз дегендердин алдыга чыгышы таң калтырды. “Эки жолу авторитардык бийликти кулаткан кыргызстандыктар бийликтин бир колго топтолушун каалабайт” деген сыяктуу ишенимдер талкаланып, күчтүү президенттик башкарууну каалагандардын саны абдан көп экени ырасталгандай болду.

Ошентсе да шайлоочулар башкаруунун түрү, формасына жана өлкөнүн багытына эмес, башка критерийлерге таянып добуш беришти деген баа берүү көңүл бурууга арзыйт.

Добуш берүүдөгү критерийлер жана “Ата Мекенди” алсыраткан факторлор

Биринчиден, бул жолку шайлоого 29 партия катышып, добуштардын көбү ошол партиялар арасында бөлүнүп калды. Ар бир тың чыкма партиядагы лидерлер өз урук-тууганын, уруусун тартып кетти.
"Ата Мекендин" шайлоо алдындагы үгүт-жарнагы.

Экинчиден, июндагы коогалаң шайлоо оюндарын 180 градуска өзгөртүп, Камчыбек Ташиев башындагы “Ата Журт” партиясы элдин улуттук сезимдерине ойноо аркылуу кыска убакытта зор абройго ээ болду. Бул партияда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чоң кызматта отургандар, мурдагы “акжолчулар” көп экенине карабай эң көп добуш топтой алышты. К.Бакиевди Кыргызстанга алып келери тууралуу сөз болгон жана түндүк-түштүк маселесин козгогон К. Ташиевге окшош делген адамдын аудио-видео тасмалар интернетке чыгып кеткенине карабай алдыга чыкты.
Шайлоодо тышкы күчтөрдүн, тышкы каржы булактарынын жана тышкы маалымат каражаттардын биздин шайлоого кийлигишүүсү абдан чоң болду. Бул биздин шайлоочуларга кандайдыр бир деңгээлде таасирин берди.
Р. Жээнбеков

Үчүнчүдөн, күчтүү президенттик башкарууну кайтарып, Орусия менен бирге болорун айткан “Ар-намыс” партиясын Кремль катуу колдоп, куурчак маалымат каражаттары аркылуу “Ата Мекен” партиясын, андан соң КСДПны да шыбап-шыбап алды. Ө.Текебаевге окшош делген адамдын адепке жатпаган кылыктары Орусиянын ири теле каналдары аркылуу көрсөтүлүп, Кремль “Ата Мекенге” курсактан ылдый сокку урду. “Республика” партиясынын лидери да Орусия менен бирге болуу керектигин айтып чыгып, ырасмий Москванын кыйыр колдоосун алгандай болду. КСДП төрагасы Алмазбек Атамбаев Орусия премьер-министри Владимир Путин менен жолугушканы менен, анын барган сайын Кыргызстанда таасирин арттырып бараткан НАТОнун мүчөсү Түркияга жакындыгы Кремль төбөлдөрүн чочулатты окшойт.

Төртүнчүдөн, “Ата Мекен” партиясы 18 жылдык тажрыйбасына, эл арасындагы зор аброюна ишенип, “Ата Журт”, “Республика” партияларычылап жан үрөп үгүт жүргүзбөй, шайлана электе эле манчыркап калгандай элес калтырды. Маселен, “Замандаш”, “Мекен ынтымагы” сыяктуу 50-60 миңдин айланасында добуш топтогон партияларга бир канча орун убада кылып, өзүнө кошсо да болот эле.

“Ата Мекен” ар дайым оппозициядабы?
Равшан Жээнбеков "Азаттыктын" студиясында, 20-май, 2010.

Ошентип тизмесиндеги атактуулар саны боюнча да мыкты делген “Ата Мекен” партиясы кечээ эле түзүлгөн “Бүтүн Кыргызстандын” деңгээлине түшүп, ошондой эле партия болгон “Республиканын” чаңында калды. Өзгөчө Кремлдин кыжырын келтирген парламенттик системаны алып келүүгө зор салым кошкон “Ата Мекен” партиясынын жеңилиши тууралуу партиянын лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков буларга токтолду:

- Азыркы шайлоо мурдагыга караганда бир топ таза өттү. Бирок ушул шайлоодо тышкы күчтөрдүн, тышкы каржы булактарынын жана тышкы маалымат каражаттардын биздин шайлоого кийлигишүүсү абдан чоң болду. Бул биздин шайлоочуларга кандайдыр бир деңгээлде таасирин берди. Ошонун артынан биздин оюбузча, “Ата Мекен” партиясы ойдогудай ийгиликке жетише алган жокпуз. Тилекке каршы Кыргызстан кичинекей, кедей мамлекет болгондон кийин биздин өзүбүздүн ресурстар чектелген. Биз Орусиянын, Казакстандын маалымат каражаттарына өз күчүбүз менен каршы туруш аябагандай кыйын иш. Ошондуктан биз бир топ кыйынчылыктар болорун түшүндүк. Өз максатыбыздан тайган жокпуз, алга карай жыла бердик. Чынын айтыш керек, аларга каршы турганга күчүбүз жеткен жок.
"Ата Мекен" аксашына тышкы жана ички эки фактор чоң зыян алып келди.М. Сариев

Саясий серепчи Марс Сариевдин пикиринде, Кыргызстандагы парламентаризмди колдогон батыш өлкөлөрү менен АКШ 10-октябрдагы парламенттик шайлоого кийлигишпей койду. Эгер бул күчтөр батышка жакын “Ата Мекен” партиясын Орусия “Ар-намысты” колдогон сыяктуу ачык сүрөөнгө алганда көрсөткүчтөр такыр башкача болмок. Андыктан “Ата Мекендин” алсырашына ички жана сырткы факторлор себепчи болду:

Марс Сариев
- Эми эки фактор болду “Ата Мекендин” аксашына. Тышкы жана ички фактор. Тышкы факторду айтсак, Орусиядан маалыматтык чабуул болуп, НТВдан эки жолу Ө.Текебаев делген сюжетти көрсөтүп, жаңылыктарда “Ата Мекенди” аябай эле шыбашты. Ал эми Ф.Куловду жакташ керек деген сигналдарды элдерге жөнөтүштү дагы, бул жактагы этникалык азчылыктар, орус тилдүүлөр ошол жакка өтүп кетти. Ал эми экинчиси, Ө.Текебаевге каршы өлкө ичинде компромат кетиришти. “Батыров менен сүйлөшкөн, ушундай саясат кылган” деп. Мына ошол сөздөр өлкө түштүгүндөгү добуштардын башка партияларга өтүшүнө себепчи болду. Ушул эки фактор “Ата Мекенге” чоң зыян алып келди.


Кандай болгон күндө да “Ата Мекен” партиясы кыйладан бери айтып келаткан парламенттик башкаруу системасын орнотуп, 7-апрелден кийин бийликке чогуу келишкен КСДП, “Ак шумкар” партиялары менен бирге таза, демократиялык шайлоо өткөрүүгө жетишишти. Эми бул партиянын өкмөттү түзүүгө катышар-катышпасы беш пайыздык чектен өткөн партиялардын коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүнөн кийин билинет. Бирок жаңы парламентте кайсы партиялар оппозиция болсо да, мурдагыдай алсыз атаандаш эмес, азуусу бар күчтүү атаандаш болуп, өкмөттүн ишин көзөмөлдөөгө катышууга шарттар түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG