Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Аба ырайы


14-октябрга карата синоптиктердин берген маалыматына ылайык, түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда: түнкүсүн: 4…9, күндүзү: 17…22, Талас өрөөнүндө: түнкүсүн: 2…7, күндүзү: 15…20, Баткен аймагында: түнкүсүн: 5…10, күндүзү: 15…20, Жалал-Абад жана Ош облустарында: түнкүсүн: 6…11, күндүзү: 17…22, Нарын өрөөнүндө: түнкүсүн -3…+2, күндүзү: 8…13, Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн: 0…5, күндүзү: 7…12 даража жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте 14-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаайт, күндүз дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7...+9 даража, күндүзү +19...+21 даража жылуу болот. (ES)

XS
SM
MD
LG