Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

АКШ жаңы өкмөт менен кызматташууга даяр


Кыргызстанда кайсы партия бийликке келбесин АКШ аны менен кызматташат. Бул тууралуу АКШ Мамдепартаменттеги Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюронун катчысынын орун басарынын жардамчысы Сьюзан Эллиот Кыргызстандагы иш сапары учурунда билдирди. 12-октябрда башталган иш сапарында ал президент Роза Отунбаева жана парламенттик шайлоодо жеңип чыккан партиялардын лидерлери менен жолугушту. Сьюзан Эллиот белгилегендей, АКШ менен Кыргызстандын кызматташтыгы жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. Анын айтымында, Америка өкмөтү тарабынан Кыргызстанга бир нече миллион долларлык жардам берилүүдө жана мындай колдоо июнь айынан бери дагы өскөн. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG