Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Иран президентинин Ливанга талаштуу сапары башталды


Батыш өлкөлөрүнүн жана Ливандын өзүндөгү нааразылыктарга карабастан президент Ахмадинежад Бейрут шаарына келди. «Хезболла» уюму аэропорттон шаардагы президенттик ордого чейинки жолду Иран президентинин сүрөтү, Ирандын өлкөнүн желеги менен кооздолгон. Миңдеген жактоочулар Бейруттун көчөлөрүндө Иран президенттин тозушту. Аэропортко түшөөрү менен президент Ахмадинежад «эки улуттун бири-биринен обочо тургандыгы ирандыктар менен ливандыктартарга жат» экендигин айтты. Президент Ахмадинежад иш сапарында Ливан президенти жана батышчыл премьер министр менен жолугат. Андан кийин Бейруттун түштүгүндө жана Израил менен чектеш Бинт Жубайлда элге чыгаары күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG