Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

HRW: Июнь окуясы боюнча соттолуп жаткандарга куугунтук күч алды


Human Rights Watch эл аралык уюмунун билдирүүсүнө караганда, соңку бир аптанын ичинде эле сот жараяны маалында соттолуучуларга үч кол салуу факты катталган. “Мындай көрүнүш адилеттүү соттук иштин жүрүшүнө кедергисин тийгизип жатат, кыргыз бийлиги бул жаатта тезинен чара көрүшү зарыл”,-деп айтылат билдирүүдө. Аталган уюм жабырлануучулар июнь окуясы боюнча соттолуп жаткандар, алардын жакындары, адвокат жана айрым учурларда ишти караган судьяларды да коркутканын айтып, мисал катары 13-октябрь күнү уюмдун кызматкерлери күбө болгон окуяны келтирет. Ага ылайык, Ош шаарында сот иши башталар алдында бир топ адам соттолуучуларды жана анын үч жакындарын ур-токмокко алган. Натыйжада төртөө тең медициналык жардамга муктаж болгон. Ал эми ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жогоруда айтылган окуялар боюнча милиция кызматына азырынча эч кандай арыз-даттануулар түшө элек. (ES)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG