Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Бишкекте жана Ошто митинг өткөрүү болжолдонууда


Бүгүн Ошто өтөөрү күтүлүп жаткан митингде “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери партияны парламенттик шайлоодо беш пайыздан өттү деп каттоону талап кылышмакчы. Ага партия лидери Адахан Мадумаров да катышат деп билдиришти “Азаттыкка” аталган партиянын штабынан. Партия өзүн 145 миң добуш топтоп 5 пайыздык чектен өттү деп, сотко кайрыларын жана мыйзам чегинде күрөшкө чыгарын жарыя кылды. Ал эми БШК кошумча тизменин эсебинен босогонун чеги 150 миңге чыгып кетти деп жатат.
"Мекен шейиттери" жана "Айкөл Ала-Тоо" кыймылдары Бишкектин борбордук аянтына чыгып, "Ата журт" партиясынын парламентке келишине каршылыгын билдирүүнү көздөшүүдө. Кыймылдын уюштуруучуларынын маалыматтарына караганда акцияга чыккандар мурдагы президент Курманбек Бакиев жетектеген бийликтин өкүлдөрүнүн бийликке кайтып келишин каалашпайт.
Тартип коргоо кызматтары азыр нааразылык акцияларына байкоо жүргүзүп турганын Ички иштер министрлигинен билдирип жатат. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG