Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:42

“Санпадагы” окуялар боюнча соттук териштирүү башталды


Ноокен райондук сотунун имаратында Сузак райондук сотунун көчмө жыйыны башталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” Жалал-Абад облусундагы кабарчысы маалымдады. Анда 12-13-июндагы Сузак районундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун айланасындагы окуялар, андагы мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактылары боюнча сот иши каралууда.

Башаламандыктар учурунда "Санпада" 16 адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, экөө дайынсыз жоголгон болчу. Сот имаратынын алдында туугандарынан айрылгандар менен облус прокурору Каныбек Турдумамбетов жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. (IJz)

XS
SM
MD
LG