Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

“Ар-намыс” партиясы “Ата Журт” менен биригүүгө даяр


Бул тууралуу “Ар-Намыс” партиясынын лидерлеринин бири Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетте күчтүү президенттик башкаруу болушу керек. Андыктан “Ар-намыс” партиясы ушундай эле демилге көтөргөн “Ата Журт” партиясы менен биригүүгө, Баш мыйзамды кайрадан өзгөртүүгө жана өлкөгө кайрадан президенттик-парламенттик башкарууну алып келүүгө аракет жасамакчы.

Ошондой эле Т.Бакир уулу “Республика” партиясы “Ата Журт” менен биригүүнү каалабай турганын, бирок сүйлөшүүлөр уланып атканын, “Ар-намыс” партиясы “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабановго вице-премьер-министр кызматын сунуштоого даяр экенин билдирди. Анын ырасташынча, “Ар-намыс” партиясы Феликс Куловдун премьер-министр болушун талап кылмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG