Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

Бишкекте 7-апрель ыңкылабын коргогон акция өтүүдө


Жогорку Кеңештин имаратынын алдында “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” кыймылынын 50 чакты мүчөлөрү нааразычылык акциясын башташты. Алар бийликке Курманбек Бакиевдин тарапкерлерин жолотпоону талап кылышууда. Бирок “Азаттыктын” кабарчысы берген суроого, митинг уюштуруучулары мурдагы бийликтин тарапкерлери ким экендигин так айтышкан жок. Митинг уюштуруучулары менен “Ата Мекен” партиясынын лидерлеринин бири Болот Шер жолугуп, алардын 7-апрель ыңкылабын коргоп калуу демилгесин колдоорун билдирди. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG