Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

“Бүтүн Кыргызстандын” тарапкерлери Ошто митинг өткөрүүдө


“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын 500дөн ашуун тарапкери Ош облустук мамлекеттик администрациясынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүшүүдө. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы окуя болуп аткан жерден маалымдайт. Нааразы болгондор аталган партиянын парламентке келүүсүнө бут тоспоону талап кылышууда. Алардын алдына партия лидери Адахан Мадумаров чыгып сөз сүйлөп, кошумча тизмедегилердин көбөйүп кетүүсү шаарлардагы студенттердин эсебинен болушу мүмкүндүгүн, бирок кандай болсо да партияга бут тосуулар болуп атканын айтты. А.Мадумаровдун айтымында, эми ал Баткен облусундагы шайлоочулары менен жолугушмакчы.

Өз кезегинде Борбордук шайлоо комиссиясы негизги жана кошумча тизме деген түшүнүктөр бар экендигин, беш пайыздык тосмону ошол эки тизмени кошкондон кийин гана жетиштүү добуш топтогон партиялар өткөнүн, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын добуштары ошол тосмого жетпей атканын айтууда. Учурда БШК негизги тизме боюнча жыйынтыктарды жарыялаганы менен кошумча тизмеден кийинки соңку жыйынтыктарды чыгара элек. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG