Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Орусияда эл каттоо жараяны башталды


Эл каттоо бийликтер өлкөдө калктын саны азайышын токтотууга аракеттенип жаткан учурда өтүүдө. 25 – октябрга чейин өлкөнүн бүткүл аймагы боюнча 650 миңге жакын эл каттоочу иштеп, жарандардын улуту, туулган жери, үй чарбасы жана башка жеке маалыматтарын чогултат. Орусиянын калкы азыр 142 миллиондун тегерегинде деп эсептелинет. Бул көрсөткүч 1991 –жылы 148 миллиондун айланасында болчу. Калк саны азайуусунун жүйөөсү өлүмдүн жогорулугу, төрөттүн азайгандыгы жана экономикадагы проблемалар менен түшүндүрүлүп келинди. Орусиянын статистикалык агенттигинин билдиргенине караганда, эл каттоонун толук жыйынтыгы келереки жылдын соңуна барып гана белгилүү болот. Эл каттоо үчүн 17 миллиард рубль же 550 миллион доллар каражат сарпталууда.

XS
SM
MD
LG