Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

АКШда 40тан ашуун армянга айып коюлду


Иран Ливандагы шийит мусулмандардын “Хезболла” исламчыл тобунун башкы колдоочусу. Кечээ Махмуд Ахмадинежадды шийит жамааты зор кубаныч менен тосуп алды жана ал Бейрутта “Хезболланын” оң миңдеген жактоочулары алдында сүйлөдү. Өз сөздөрүндө Ахмадинежад Иран “бирдиктүү жана заманбап” Ливанды колдоорун белгиледи. Бирок Иран президентинин сапары Ливандын христиан жана сунни жамааттары арасында тынчызданууларды жаратты. Алар эгер Иран менен “Хезболла” өз эркин таңууласа, өлкө Израиль менен кайра жаңжаалдашабы деп чоочулашат. Бүгүн Ахмадинежад Ливандын Израиль менен чек арада жайгашкан, 2006 –жылкы урушта катуу жабыркаган кыштактарын кыдырмакчы. АКШ Ахмадинежаддын Ливандагы сапары ал “чагымчыл жолун” улантып жатканын көргөзгөнүн белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG