Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:34

“Санпадагы” кол салуу боюнча сот 21-октябрда уланат


Ноокен райондук сотунун имаратында өтүп аткан Сузак райондук сотунун көчмө жыйыны 21-октябрда уланмай болду. Буга жабырлануучулар менен күбөлөрдүн көптүгү себеп болду. Бүгүн сот 44 жабырлануучунун онунун гана көрсөтмөсүн уга алды.

Сот процесси 12-13-июндагы Сузак районундагы “Санпа” пахта тазалоочу заводунун айланасындагы окуялар, андагы мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактылары боюнча жүрүүдө. Баш аламандыктар учурунда “Санпада” 16 адам мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, экөө дайынсыз жоголгон болчу. Бүгүн сот имаратынын алдына чогулган туугандарынан айрылгандар менен облус прокурору Каныбек Турдумамбетов жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG