Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

“Ар-намыс” партиясы өз лидерин премьер-министр катары көргүсү келет


Бул тууралуу парламенттик шайллонун баштапкы жыйынтыгы боюнча үчүнчү орун алган партиянын тизмесинде үчүнчү орунда турган Турсунбай Бакир уулу бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Муну менен парламентке кирди деп эсептелген беш партия ичинен лидери премьер-министр болгусу келгенин, ким менен биригүүнү көздөөрүн алгачкылардан болуп “Ар-намыстын” өкүлү жарыялады. Турсунбай Бакир уулунун ырастоосунда, бул партия биринчи орун алган “Ата Журт” менен биригүүгө даяр. Ал эми төртүнчү орун алган "Республика" партиясынын лидерине вице-премьерлик кызматты сунуш кылат. 10-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгынан улам талдоочулар белгилеп жаткандай, парламентте көпчүлүктү түзүү үчүн кеминде үч партиянын коалициясы талап кылынат. Калган төрт партия ким менен каоалиция кура алары боюнча азырынча конкреттүү эч нерсе айта элек. Эки күн мурда "Республика" партиясы өзүнүн айрым шарттарын атаган. Кыргыз Конституциясы боюнча шайлоодон кийин парламенттик көпчүлүк түзүлбөй калган шартта, өкмөт курууну президент партиялардын бирине тапшырат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG