Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Кыргыз-тажик чек арасы дале күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызматынын маалымат борборунан кабарлашты. Ага ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынан күчөтүлгөн тартип алына элек. Чек арага мындай күчөтүлгөн режим Тажикстандын Рашт өрөөнүндө козголоңчулар менен мамлекеттик аскерлердин кагылышы чыккан соң киргизилген. Тажикстандын аталган чөлкөмүндө кырдаал дале тынчыбай, буга чейин өкмөттүк аскерлерден ондогон адамдар окко учту.

Тажикстанда кырдаал курчуп кеткен соң Кыргызстандын жетекчилиги Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарындагы аскер бөлүктөрүнөн Баткен облусуна кошумча аскерлерди жөнөткөн болчу. Чек ара кызматынын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасына кошумча күч катары атайын бөлүктөрдүн машыккан аскерлери жөнөтүлгөн. (IJz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG