Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Кант кызылчасын ташуу убагында темир жол акысы арзандатылат


Түшүм жыйноо убагында айылдык товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик жактан колдоо тууралуу өкмөттүн токтомуна президент Роза Отунбаева ушундай өзгөртүү киргизди. Ага ылайык 15-октябрдан 31-декабрга чейин кызылчаны кампалардан “Кайыңды кант" заводуна ташуу үчүн темир жол акысы 20% арзандатылат.

Быйыл жалпы Кыргызстан боюнча 8,5 миң гектар аянтка кант кызылчасы айдалган. Айыл чарба министрлиги мындан алынган түшүмдү “Кайыңды кант” жана “Кошой кант” заводдору аркылуу иштетип, 25-27 миң тонна кумшекер алууну көздөөдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG