Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

Шаарды үгүт материалдарынан тазалоого 3 гана партия катышууда


Борбор калааны парламенттик шайлоонун үгүт материалдарынан тазалоо максатында бүгүн башталган ишембиликке жалпысы болуп 28 партия чакырылган. Мэр Иса Өмүркуловдун айтымында, шаарды тазалоо иштери үчүн 100 миң сом бөлүнгөн, бирок иш башталган учурда чыгаша мындан да көп болору аныкталды. Ушул тапта шаардагы зым карагайларды, аялдамаларды жана башка коргондорду үгүт кагаздардан арылтуу ишине Социал-демократтар, "Айкөл эл" жана “Жашылдар” партиясынын өкүлдөрү катышууда.

"Айкөл эл" партиянын мүчөсү Эркин Бахтияровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, партиясынын үлүшүнө Тынчтык көчөсүн тазалоо тийген. Анын айтуусунда партия мүчөлөрү бүгүн кеңкөчөнүн “Ак кеме-Пинара” мейманканасы жайгашкан аймактан тартып, Жибек Жолу менен кесилишине чейин үгүт материалдарынан тазалашат.

"Ата Мекен" партиясы болсо ишембиликке эртең чыгат. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай “Ата Мекен” партиясы 16-октябрь күнү Бишкекти үгүт материалдарынан арылтуу үчүн гана эмес, жалпы шаарды тазалоо иштерин жүргүзөт жана буга бардык жарандарды чакырат.

Борбор калааны парламенттик шайлоонун үгүт материалдарынан тазалоо максатында 15-16-октябрь атайын ишембилик күндөрү деп жарыяланган. 10-октябрда болгон парламенттик шайлоого 29 саясий партия катышты, партиялар үчүн үгүт өнөктүгү шайлоого туура бир ай калганда, 10-сентябрдан тарта башталган. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG