Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Мамлекеттик күзөт кызматкерлер камакта калтырылды


7-апрелде элге каршы ок аткан деп айыпталып жаткан Данияр Дунгановдун жана Нурлан Темирбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн жок. Мындай чечимди бүгүн Республикалык Аскер соту чыгарды. “Күч структуралары” биримдигинин башчысы Арстанбек Дунгановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча “Альфа” атайын кызматынын жанан мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин жакындары эки күн мурун күч кызматкерлерин куугунтуктоону токтотуу талабы менен президент Роза Отунбаевага кайрылуу жолдошкон.

Апрель окуясы учурунда куралсыз элге ок аткан деген айып менен Улуттук коопсуздук кызматынын курамындагы “Альфа” атайын тобунун башчысы Алмаз Жолдошалиев баш болгон 8 мүчөсү, ал эми мамлекеттик күзөт кызматынын төрага орун басары Данияр Дунганов баштаган 8 кызматкери камакка алынган. Булардын ичинен Д. Дунганов менен Н. Темирбаевден башкасы үй камагына чыгарылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG