Пакистандын Хайбер ашуусунун ныптасында Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк тарткан унаага кол салынды. Чабуулда айдоочу менен жардамчысы өлүп, машине өрттөлгөнү ырасмий кабарланды.
30-сентябрда НАТОнун тикучарынын чабуулунан эки пакистандык чек арачы курман болгондо Пакистан Хайбер ашуусун жаап, 10-октябрда гана ачкан. Ашуу жабык турганда согушчандар Ооганстандагы эл аралык күчтөргө зарыл заттарды тарткан ондогон машинелерди иштен чыгарган.