Кыргыз гидрометеорология борборунун маалыматы боюнча эртең, 16-октябрда түнкүсүн айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1-6 градус, күндүз 12-17 даража жылуу, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 7-12, күндүз 18-23 даража жылыйт, Баткенде түнкүсүн 6-11, күндүз 16-21 даража жылуу. Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5-10, күндүз 18-23 даража ысыйт. Тоолуу Нарында түнкүсүн -2 градустан 3 градуска чейин жылыйт, күндүзү 11-16 даража жылуу, Таласта түнкүсүн 1-6, күндүз 20-25 даража жылыйт. Тоолордо түнкүсүн -2-17 градус суук болот, күндүз 1-6 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкекте ала булут каптайт, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон секундасына 4-9 метрге жеткен шамал согуп турат. Абанын температурасы түнкүсүн 8-10, күндүз 20-22 даража жылуу болот.